Кыргызстанда жазгы талаа иштерине даярдык планга ылайык жүрүп жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 27-февралда парламентте маалымат берип жатып билдирди.
Бороновдун сөзүнө караганда, айдоо аянттары былтыркыдан көбүрөөк болот. Дыйкандар жеңилдетилген шартта насыя, үрөн менен өз убагында камсыздалат.
«Быйыл Кыргызстандын айыл чарбасында жалпы себүү аянттары 1 миллион 219 миң гектар болот. Бул былтыркыдан 2,3 миң гектарга көп болушу божомолдонуп жатат. Жазгы себүү иштери 745 миң гектар жерде жүргүзүлөт», - деди ал.
Жогорку Кеңеш бүгүн жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
Кыргызстан - аймагынын 65-70% айыл жери ээлеген агрардык өлкө.
Бир-эки жыл мурда «Кыргызстандын айыл чарбасынын азыркы абалын жана келечегин талдоо» аттуу илимий эмгек жарыяланган. Анда кандай өсүмдүк айдоого ыңгайлуу экени аныкталбаганы, соода-сатыкта кандай товарга артыкчылык берилери талданбаганы айтылган. (RK)