Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Быйыл Кыргызстан 500 асыл тукум уй сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга быйыл 500 баш асыл тукум уй алынып келет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 27-февралда парламентте маалымат берип жатып билдирди.

Бороновдун айтымында, буга чейин өкмөт дыйкан-фермерлерге лизинг шартында техника алууга көмөктөшсө, эми мал чарбачылыгын жакшыртууга жардам бере баштады.

«2019-жылы «Айылбанк» аркылуу «Чабрец» айыл чарба фермасына 61 баш сүт жана эт багытындагы асыл тукум уй лизинг аркылуу берилди. Буга чейин лизингге техника гана берилип турган болсо, эми асыл тукум малды да алып берүү башталды. Быйыл 500 баш уй алып келүүнү өкмөттүн планына киргизип жатабыз», - деди ал.

Жогорку Кеңеш бүгүн жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Кыргызстан - аймагынын 65-70% айыл жери ээлеген агрардык өлкө.

Бир-эки жыл мурда «Кыргызстандын айыл чарбасынын азыркы абалын жана келечегин талдоо» аттуу илимий эмгек жарыяланган. Анда кандай өсүмдүк айдоого ыңгайлуу экени аныкталбаганы, соода-сатыкта кандай товарга артыкчылык берилери талданбаганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG