Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген бир жыл ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 1 млн. 32 миң 673 токтом чыгарылган.
Анын ичинен азыркы учурга чейин 590 миң 130 токтом боюнча айдоочулар айыппул төлөштү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү. Бул жалпы сандын 57,2% түзөт.
Ал эми калганы автоунаа ээлерине токтом жетпегендиктен төлөнгөн эмес.
Ошондой эле «Коопсуз шаар» ишке киргени Бишкек шаарында жол кырсыгы 52%, ал эми Чүй облусунун аймагында 44 % азайган.
Бул долбоордун алкагында учурда 110 камера ортотулган. Анын 90у стационардык, ал эми калган 20сы көчмө аппараттар болуп эсептелинет. Булар негизинен Бишкек шаарындагы 38 көчөнүн кесилиштерине коюлган.
«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылы 12-февралдан тартып Бишкекте ишке кирген. Март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган.
Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү аталган. (MiK)