Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Сауд Арабиясы коронавирустан улам зыяратчыларга эшигин жапты


Ажылыкка баргандар.
Ажылыкка баргандар.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги зыяратчыларды өлкөгө киргизбей турганын 26-февралда «Твиттер» баракчасына жарыялады. Өзүнүн жарандарын да коронавирус жугуу тобокелдиги бар өлкөлөргө барбай турууга чакырды.

Коронавирус илдети июль айынын аягында баштала турган ажылык сапарга кандай таасир этери да дайын эмес.

Азырынча Сауд Арабияда коронавирус илдети чыга элек. Бирок ага кошуна турган Кувейтте, Иракта, Иранда, Бахрейнде жана Бириккен Араб Эмираттарында илдет жуктургандар табылган.

Жыл сайын миллиондогон зыяратчылар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына барышат. Сауд Арабиясы 2020-жылы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 6110 квота бөлгөн. (YI)

XS
SM
MD
LG