Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

«Кыргызстандагы саясий репрессиялардын курмандыктары» аттуу китеп чыкты


Кыргызстанда 1920-1953-жылдарда саясий куугунтукка учураган 20 миң жарандын тизмесин камтыган 10 томдук китеп чыкты. Жыйнактын бет ачары бүгүн, 27-февралда Бишкекте өттү. Ага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, репрессия курмандыктарынын жакындары, студенттер катышты.

Китепти «Ата-Бейиттин» сырын ачкан, ошол убакта КГБда иштеген полковник Болот Абдрахманов баш болгон топ түзүп чыккан. Анын айтымында, кийинки изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстандын аймагында 20 миңден ашуун адам 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыгы болгон.

Иш-чара «Ата-Бейит» даректүү тасмасын, өткөндү эске салган спектаклди көрсөтүү менен башталып, китепти түзгөн топ тарыхый материалдардын мазмунун айтып берди.

Маалыматка караганда ошол жылдары репрессияга учурагандардын арасында 50гө жакын ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, жүздөгөн жумушчулар, дыйкандар, чыгармачыл, педагогикалык, техникалык интеллигенция өкүлдөрү, эл чарбасынын адистери, партиялык, комсомолдук кызматкерлер болгон.

Репрессия курмандыктары тууралуу 1996-1997-жылдары гана атайын жыйнактар чыгып, биринчи жолу акталган сегиз минден ашык адамдын тизмеси жарыяланган.

Он томдук - 20 миң тизмени тактаган экинчи китеп. Авторлор кийинки этапта ал тизмелер боюнча иликтөө жүргүзгөн дагы үч томдук даярдалып жатканын билдиришти. Тарыхчылар ошол жылдары 40 миңге жакын кыргызстандык жарандар куугунтук курмандыгы болгонун айтып жүрүшөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG