Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Коронавирус: Италиядан келген үч кыргыз жаранынын анализи таза чыкты


Коронавирус.
Коронавирус.

25-27-февралда Италиядан учуп келген үч кыргызстандык коронавируска текшерилип, анализи таза чыккандыктан үйүнө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу 27-февралда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, аларды дарыгерлер текшербей койгону тууралуу сөздөр чындыкка дал келбейт.

26-февралда коронавирус маселеси парламентте каралып, өкмөт Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бул илдетти жугузгандар катталбаганын билдирген.

Ошол эле күнү Кыргызстан коронавируска байланыштуу дүйнөдө түзүлгөн абалдан улам дагы төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечкен. Эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт. Алар эки апта обсервация жайында кармалат.

Кытайдан тышкары 44 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миңден ашуун адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2744 адам каза болду, 32 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG