Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Касымалиева: Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча долбоор «Ачык өкмөттүн» иштерине доо кетирет


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору жер-жерлерде социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүп жаткан жарандарга зыянын тийгизиши ыктымал. 27-февралда парламентте «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда вице-спикер Аида Касымалиева ушундай пикирин айтты.

Касымалиеванын пикиринде, социалдык тармактарда азыр өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен жасалып жаткан иштер бул мыйзамдын алкагында жасалбай калбашы керек.

«Жөлөкпул, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык маселелер боюнча айылдарды көп кыдырам. Мамлекет азыр «социалдык буюртманы» жолго коё албай жатат. Мамлекеттин колу жетпеген абдан көп иштерди өкмөттүк эмес уюмдар жасап жаткан кези. Алар - биздин жарандар. Кийин ушул мыйзамды пайдаланып, бир уюм мамлекеттик органга жакпай калса, ага басым башталбашы керек. Ошону түшүнүп, тереңинен карашыбыз зарыл», - деди ал.

Долбоорго ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, январь айында коомдук талкууга койгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG