Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Президент Сооронбай Жээнбеков орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту


Сооронбай Жээнбеков менен Михаил Мишустин.
Сооронбай Жээнбеков менен Михаил Мишустин.

27-февралда Москвада өткөн жолугушууда тараптар кызматташтыктын орчундуу багыттары тууралуу пикир алышты. Орус өкмөт башчысы кыргыз өкмөтү менен натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин баса белгиледи. Ал эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык мүнөзгө ээ болуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгына канааттанарын билдирди.

Михаил Мишустин ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылы кызматташтыкка жаңы дем берерине ишенерин айтты. Мындан тышкары Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын чогуу майрамдоого чакырды.

Орус өкмөт башчысы ошондой эле Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге салам айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде Михаил Мишустинди Орусиянын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, акыркы эки жылда кыргыз-орус алакалары күч алганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап Эриш-аркак жылынын алкагында өтүүчү бардык иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашырууга терең маани берерин, шериктештик мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылаарын айтты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвага эки күндүк иш сапары менен барган. Ал 27-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен кошо эки өлкөнүн ортосундагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG