Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту


Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин. Москва шаары. 27-февраль, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин. Москва шаары. 27-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын жолугушуусу 27-февралда, Москва шаарында болду. Президенттер кыргыз-орус кызматташтыгынын келечегин, орчундуу багыттарын талкуулашты.

Орусиянын президенти ачылышы бүгүн күтүлүп жаткан Эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүлүүчү 200 иш-чара кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүүгө салым кошо аларына ишеничин билдирди. Владимир Путин ошондой эле Орусия Кыргызстан үчүн соода алмашуунун көлөмү, инвестиция жаатында негизги өнөктөш болуп кала берерин белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда эки өлкөнүн кызматташтыгы кызуу өнүгүп жатканын айтып, соода-экономикалык алакалардын жакшырганына канааттанарын билдирди. Орус президентине эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан эки өлкөнүн кылымдардан бери келе жаткан тарыхый достук мамилесин жогору баалайт деп ишендирди.

Жолугушууда тараптар мындан нары да интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү зарыл экенин баса белгилешти. Бул тууралуу кыргыз президентинин аппараты маалымдады.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков учурда эки күндүк иш сапар менен Орусияда жүрөт. 27-февралда президент Жээнбеков Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен чогуу Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышары күтүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG