Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Өкмөт: Сириядагы жарандарыбыз көңүл борборунда


Жүзүн толук чүмкөгөн балалуу келин Сирия демократиялык күчтөрүнүн аскеринин коштоосунда лагерден чыгарылып бара жаткан учуру. 2019-жыл.
Жүзүн толук чүмкөгөн балалуу келин Сирия демократиялык күчтөрүнүн аскеринин коштоосунда лагерден чыгарылып бара жаткан учуру. 2019-жыл.

Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардагы кыргызстандыктар жана алардын кичинекей балдары тууралуу маселе дайыма өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчынын буйругу менен атайын бул маселе боюнча иштөөчү мекеме аралык жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ Сириянын лагерлеринде жана түрмөлөрүндө калган кыргызстандык жарандарды иликтөө иштерин улантып жатат.

«Согуштук кырдаал улам күчөп жаткан азыркы убакта аларды Сириядан кайтарып келүү аракеттерин көрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ушундан улам Кыргызстандын тиешелүү органдары бул багытта башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен чогуу аракеттенүүдө», деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматтар боюнча, Сирия менен Ирактагы террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган кыргызстандыктардын саны 800гө жетет. Алардын көбү диний ишенимден улам, айрымдары акчага азгырылып экстремисттик топторго кошулуп калганы айтылып жүрөт. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар. Айрымдары балдары менен кетсе, кээ бирлери ошол жакта төрөгөн.

Алардын арасында 200гө жакыны ошол жакта каза болгон. Учурда Ирактагы жана Сириядагы качкындар лагерлеринде отурган миңдеген кишилердин арасында кыргызстандык аялдар жана балдар бар.

Былтыр Казакстан жана Өзбекстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтара баштаган. Кыргыз өкмөтү да бул багытта иш жүргүзүп жатканын кабарлап, өткөн жылы күзүндө Ирактан жаш балдарды алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирген. Азырынча андан майнап чыга элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG