Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:16

Кытай коронавирустун белгисин сезип дарыгерге келгендерге акча берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Хубей провинциясындагы Цинзян шаарынын администрациясы өзүнөн коронавирустун белгисин байкап, өз ыктыяры менен дарыгерге кайрылгандарга 10 миң юандан (1426 доллар) төлөй турганын жарыялады. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги кабарлады.

Цинцзян шаарынын жетекчилери эгерде ооруну медицина кызматкерлери өздөрү аныктаса аларга акча төлөнбөй турганын түшүндүрүштү. Эгерде өз ыктыяры менен дарыгерге кайрылган адамдарга оору жукпаган болсо, аларга миң юандан (143 доллар) төлөнмөкчү.

Цинзян шаарынын мындай тажрыйбасын Хубей провинциясынын башка шаарлары да колдонуп башташкан. Бирок ар кайсы шаар ар түрдүү сумманы атап жатат.

1 миллионго жакын калкы бар Цинцзян Ухань шаарынан 150 чакырым алыста жайгашкан. Акыркы маалыматтар боюнча Цинцзянда коронавируска кабылган 197 киши катталды.

Хубэй провинциясында болсо илдетке кабылгандардын саны 65 миң кишиге жеткен. Анын ичинен 2,6 миңи каза болду. Дүйнө боюнча санаганда илдеттин айынан көз жумгандардын жалпы саны 2 800 гө жакындаса, илдетке кабылгандардын жалпы саны 80 миңге жеткени калды.

Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус илдети кытайдын өзүнө караганда башка өлкөлөрдө тез жайылып жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG