Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Меккеге бараткан тажикстандыктар ара жолдо калышты


Кичи ажылыкка бараткан 48 тажикстандык жаран Дубайдан ары кете албай турат. Буга Сауд Арабиясынын бийлиги 26-февралда чет өлкөлөрдөн зыяратчылардын келишине тыюу салганы себеп болду. Бул тууралуу зыяратка кеткендердин жакындары айтып чыгышты. Бул маалыматты Тажикстандын Дин, улуттук каада-салт жана салтанаттар боюнча комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким да ырастады.

«Зыяратчылар Сауд Арабиясынын жаңы чечимин күтүп жатышат. Эгер Сауд Арабиясы эшигин ачса алар кичи ажылык сапарын улантышат. Эгерде Сауд Арабиясы кирүүгө уруксат бербесе, сапарды уюштурган компания аларды артка кайтарып келет» - деди ал.

Кичи ажылык сапарын уюштурган туристтик компания бул тууралуу маалымат берүүдөн карманып турат.

2019-жылы 5 миңге жакын тажикстандык ажыга барган. Тажикстанда ажыга баруунун баасы 35 миң 128 сомони (3,5 миң доллар) турат. Ал эми кичи ажыга Тажикстандан канча киши барганы белгисиз. (YI)

XS
SM
MD
LG