Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Тегеранда коронавирустан улам жума намазга чогулууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу мамлекеттик телеканал 27-февралда кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча, Иранда вирус жугузгандардын саны 100дөн ашты. Арасында өлкөнүн вице-президенти Масумех Эбтекар да бар. 25-февралда коронавирусту саламаттык сактоо министринин орун басары Ираж Харирши да ооруну жугузуп алганы кабарланган. Эбтекардын командасындагы бардык мүчөлөр вируска тест тапшырышууда.

Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан көз жумганын IRNA агенттиги маалымдады. Бир күн мурун ал Тегерандагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

27-февралда Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киянуш Жаханпур 24 саатта коронавирустан дагы 7 киши өлгөнүн, бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 26 адамга жеткенин билдирди. Кытайдан тышкары мынча көп киши бир да башка өлкөдө каза таба элек.

Жаханпур бейшемби күнкү басма сөз жыйынында бардыгы болуп бир суткада оору 106 кишиден табылганын белгиледи.

Иран илдеттин Жакынкы Чыгыштагы эң чоң очогуна айланды. Расмий маалыматка караганда, вируска 250дөй киши чалдыккан. Тегеран өкмөтү эпидемияга каршы чара көрүү аракетинде оору жуккан же ошондой шек жараткан адамдарга эки жакка саякаттоого тыюу салып, шииттердин ыйык жайларына зыяраттарды чектеди.

Саламаттык сактоо министри Саед Намаки бейшембидеги басма сөз жыйынында эпидемия жайылган аймактарда мектептер дагы 3 күн, университеттер эмки жума бүт жабык болорун жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейсус вируска байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоого мүмкүн экенин, бул үчүн токтоосуз түрдө чечкиндүү чаралар көрүлүүгө тийиш экенин билдирди. «Бул вирус пандемияга айланып кетүү коркунучу бар. Бардык өлкөлөр токтоосуз түрдө чечкиндүү чара көрүшү керек. Биз чечүүчү жерде турабыз», - деп айтты ал.

Өткөн декабрда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон вирусту Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 деп атап койгон. Өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирустун бул түрүнөн дүйнөнүн чар тарабында 2 800дөн көп киши өлдү. Алардын көбү Кытайда.

Оору 50дөй өлкөгө тарап, жалпы жонунан 82 миңден ашуун кишиге жукту.

XS
SM
MD
LG