Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:16

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси алмашты


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев ишкананын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Таалайбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолдошбек Ачикеев 44 жашта. Буга чейин «Улуттук электр станциялары» ишканасында жетекчилик кызматтарда иштеп келген.

Директорлор кеңешинин дагы бир чечими менен «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин орун басарлыгына Алмаз Кушубаков дайындалды. Ал буга чейин Токтогул каскадын жетектеп турган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG