Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Блогер Cыдыманов үй камагына чыкты


Элмирбек Сыдыманов.
Элмирбек Сыдыманов.

Блогер Элмирбек Сыдыманов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 28-февралда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Интернетте Sydyman деген ат менен таанымал блогер улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутту деген шек менен 19-февралда эки айга камакка алынган. Мындан соң ал жаңылганын моюнуна алып, кечирим сураган. Ал эми апасы бийлик башчыларына кайрылып, уулун үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Элмирбек Сыдыманов «Инстаграм» баракчасында Сыдыман деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG