Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Сокулукта күйөөсү өрт койгон аял каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсү өрт койгон 42 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 12-февралда катталган.

Милициянын маалыматы боюнча, ал күнү мас абалында үйүнө келген 46 жаштагы адам жубайы тамак жасап жаткан маалда бензин чачып жиберген. Күйүп жаткан газдан келинге жалын жармашып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бир күн өтпөй алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголуп, шектүү камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG