Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Коронавирус жайылган өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга келишине тыюу салуу сунушталды


Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын Кыргызстанга келишине убактылуу тыюу салууну коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабга сунуш кылды:

«Кытайдан, Ирандан, Италиядан, Жапониядан жана Түштүк Кореядан келген адамдарды толук карантинге алып жатабыз. Ушул эпидемиологиялык абал курчуп бара жаткан өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга келишине тыюу салуу боюнча сунуш киргиздик», - деди 28-февралда түшкө чейин уюштурган маалымат жыйынында министр Космосбек Чолпонбаев.

Министрдин айтымында сунуш республикалык штабдын 28-февралдагы отурумунда каралып, чечим кабыл алынышы керек.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов муну саясий максаты жок, аргасыз чара экенин белгиледи.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Эпидемияга байланыштуу шаар карантинге алынган. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80 миңден ашты. Каза болгондордун саны 3000ден ашты. Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус 46 өлкөдө табылды.

Кыргызстанда бул илдеттин алдын алуу боюнча республикалык штаб түзүлүп, аны премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев жетектеп жатат. Кытай менен чек ара жабылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG