Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

Африканын түштүгүндө биринчи жолу коронавирус табылды


COVID-19 вирусу.
COVID-19 вирусу.

Нигериянын бир жараны өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирусту жугузуп алганын ырастады. Ага вирус Италиядан Нигерияга келип иштеп жаткан бир адамдан жукканын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Осаги Эханире 28-февралда «Твиттер» аркылуу кабарлады.

Бул Кытайдан чыккан COVID-19 вирусу Сахара чөлүнүн түштүгүндөгү мамлекеттерге да жеткенин айгинелеген биринчи учур. Мурдараак Түндүк Африкадагы Египет менен Алжирдин бирден жарандары вакцинасы табыла элек бул илдетке чалдыкканы белгилүү болгон.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери Кытайда коронавирус чыккандан бери анын Африка өлкөлөрүнө келтирген коркунучу тууралуу эскертүү таратып, бул материктеги бир топ мамлекетте инфекцияга каршы натыйжалуу күрөшүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билдиришкен.

Кытайдын өзүндө вирусту жугузуп алгандар 78 824 адамга жетип, баш-аягы 2788 киши көз жумду. Италияда коронавирустан 17 киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG