28-февралга караган түнү Идлибдеги салгылашуудан улам Түркияда «Твиттер», «Фейсбук» жана «Инстаграм» сыяктуу социалдык тармактардын байланышы солгундады.
Бейшембиден жумага караган түндөн баштап Интернет колдонуучулардын социалдык тармактагы баракчалары жаңыланбай калган.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Интернет байланышындагы бул үзгүлтүктүн себебин Идлибдеги соңку кырдаал менен түшүндүрүүдө.
Расмий Анкара өлкөдөгү Интернет байланышынын ылдамдыгы жана сапаты боюнча маалымат бере элек.
Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 33 түрк жоокери мерт болуп, 32си жарадар болгон. Түркия Сириядагы оппозициячыл күчтөрдү колдоп келет. Учурда Орусия жардам берип жаткан президент Башар Асаддын күчтөрү менен салгылаш жүрүп жатат. (ElB)