Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Курсан Асановдун иши: адвокат Алмазбек Атамбаевди сотко чакырууну өтүндү


Курсан Асанов сотто. 28-февраль, 2020-жыл
Курсан Асанов сотто. 28-февраль, 2020-жыл

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланды. Анын жүрүшүндө Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келип суракка алууну өтүндү. Адвокат иштин материалдарында Атамбаевдин көрсөтмөсү камтылганын буга себеп катары көрсөттү. Судья Адылбек Эсенбаев бул өтүнүчтү ачык калтырды. Кийинки жараян 17-мартка белгиленди.

Курсан Асанов тергөө териштирүү Ички иштер министрлигинин кызыкчылыгында жүргүзүлүп жатат деп, коюлган айыптарга макул эместигин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеген.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланып, жардамчысы Дамир Пайзилда уулу камакка алынган.(BkA/AiN)

XS
SM
MD
LG