Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Активист Агадилдин денесиндеги "жараат" тууралуу видео тарады


Агадилди эскерип көчөгө чыккандар, Алматы, 27-февраль 2020-жыл.
Агадилди эскерип көчөгө чыккандар, Алматы, 27-февраль 2020-жыл.

Казакстандык жана эл аралык укук коргоочулар казак бийлигинен тергөө абагында көз жумган активист Дулат Агадилдин денесиндеги кыйноонун белгилери боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

«Ар.Рух.Хак» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бахытжан Торегожина Интернетте пайда болгон видео Агадилдин өлтүрүлгөнүн далилдей турганын жазды. Норвегиялык Хельсинки комитетинин өкүлү Ивар Дале да маркум активист Нур-Султандагы тергөө абагында сабалган болушу мүмкүн деп шек саноодо.

Укук коргоочу «Твиттердеги» баракчасына казак президенти Касым-Жомарт Токаевден бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүнү сурады. Президент Токаев 25-февралда тергөө абагында мерт болгон активисттин өлүмү боюнча үн ката элек.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда ал каза болуп калган. Буга чейин полиция активисттин жүрөгү кармап калган болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.

XS
SM
MD
LG