Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Болгария Түркия менен чек арасында көзөмөлдү күчөтүүдө


Түркия менен Болгариянын чек арасындагы "Капитан Андреево" өткөрмө бекети, 24-март 2017-жыл.
Түркия менен Болгариянын чек арасындагы "Капитан Андреево" өткөрмө бекети, 24-март 2017-жыл.

Болгария мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн Түркия менен чек арасында көзөмөлдү күчөтүүгө киришти. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Бойко өкмөттүн 28-февралдагы жыйынында билдирди.

"Чек арага күчтөр жөнөтүлдү жана деңиз чегин коргоо чаралары күчөтүлдү", - деди Борис Бойко.

Премьер-министр бул маселени түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон талкуулаганы жатканын кошумчалады.

Мунун алдында айрым түрк маалымат каражаттары жүздөгөн мигранттар Түркиянын Греция жана Болгария менен чек арасына топтолуп жатканын жазып чыгышкан. Түркиянын жогорку расмий өкүлдөрүнүн бири "Анкара Европага жетүүнү көздөгөн сириялык качкындарды токтотпой турган болду" деп айткан.

Евробиримдик менен Түркия 2016-жылы кол койгон келишим мыйзамсыз миграциянын агымын азайткан. Келишимге ылайык, расмий Брюссел сириялык качкындарга Түркиянын ичинде шарт түзүү үчүн Анкарага 6,6 миллиард доллар бермей болгон.

Миграция маселеси Сириянын түндүк-батышында кырдаал курчуп турган учурда көтөрүлдү. Түркия Сирия режиминин аймактагы чабуулунан кеминде 33 аскери мерт болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG