Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

ЕККУ чечен блогерине кол салуу болгонуна тынчсызданды


Чеченстандык блогер Тумсо Абдурахманов.
Чеченстандык блогер Тумсо Абдурахманов.

Маалымат каражаттарынын эркиндигине көз салган эл аралык уюмдар чечен блогери Тумсо Абдурахмановго Европада кол салуу болгонуна тынчсыздануусун билдиришти.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Медиа эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Абдурахмановдун "көзүн тазалоо аракети" тууралуу маалыматтар камтамачылык жаратып жатканын айтты. Ал өткөн айда да Францияда жашаган дагы бир чечен блогерине кол салуу болгонун кошумчалады.

"Журналисттерди коргоо комитети" да ушундай эле билдирүү жасады.

Швецияда жайгашкан "Vayfond" уюму маалымдагандай, 26-февралда белгисиз адам Абдурахманов уктап жатканда батирине кирип келип, балта менен кол салган. Бирок блогер кол салган адамды токтотууга үлгүргөн. Ошентсе да денесине залал келтирилген. Уюм Абдурахманов Европанын кайсы өлкөсүндө баш калкалап жатканын так белгилеген жок.

Кремлдин саясатын сындап жүргөн 32 жаштагы Абдурахманов 2015-жылы Орусиянын курамындагы Чеченстандан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG