Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Көк-Таш айылынын дагы эки тургуну үй камагына чыгарылды


Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл
Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл

Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бердиевдин жакындары билдирди.

Маалыматты «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев ырастап, мындай чечимди Баткен облустук соту 28-февралда чыгарганын айтты. Азырынча расмий органдар маалымат бере элек.

«Болгону үй камагына чыгарышты. Негизи аларга козголгон кылмыш иши толугу менен токтотулушу керек. Алар негизсиз эле камакка алынган», - деди Айталиев.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну - Улукбек Сапарбаев, Үсөн Сапарбаев, Зайнидин Бердиев жана Нурбек Сапарбаев 11-январда кармалып, Кадамжай райондук соту 13-январда аларды камакка алуу чечимин чыгарган.

17-январда сот экөөнү - Жазык кодексинин 264.2-беренеси («Массалык башаламандыкка катышуу») боюнча шектүү катары кармалган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына чыгарган.

Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев Жазык кодексинин 264.1-беренеси («Массалык башаламандыкты уюштуруу») 253.1-беренеси («Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү») боюнча шек саналып жатат.

Бишкекте жана Баткенде сөз болуп жаткан төрт адамга козголгон кылмыш иштерин токтотуу жана аларды камактан чыгаруу талабы менен митингдер өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG