Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Мыйзамсыз чыгарылып бараткан 1 миллион медициналык беткап алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан аткезчилик жол менен 1 миллион даана медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу өлкө аймагына коронавирустун келишинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында белгилүү болду.

Беткаптарды мыйзамсыз жол менен кимдер, кайсы өлкөгө алып баратканы тууралуу маалымат берилген жок. Штабдын жетекчисинин орун басары, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын билдиргенине караганда азыр бул ишти финполиция териштирип жатат.

10-февралда да Жалал-Абаддын «Маданият» автоунаа өткөрмө бекетинен Өзбекстанга тийиштүү документтери жок 300дөн ашык медициналык беткап алып бараткан өзбек жараны кармалган.

Кыргызстанда беткап тартыш экендиги, аны тиккен жергиликтүү ишкана жок экендиги мурдараак Жогорку Кеңештин эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйынында айтылган.

Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус башка мамлекеттерге да тездик менен жайылып жаткандыктан Кыргызстанда медициналык беткаптарга болгон суроо-талап жогорулады.

Кыргыз өкмөтү ушундан улам 3-февралдан тартып айрым дарыларды жана медициналык беткаптарды сыртка чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган. Токтомдун мөөнөтү алты айга созулат. (BTo)

Коронавирустан коргонуу жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG