Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Министрлик: Өзгөндө коронавирус катталганы тууралуу маалымат калп


COVID-19 вирусу.
COVID-19 вирусу.

Саламаттык сактоо министрлиги «Оштун Өзгөн районунда коронавирус катталды» деген маалыматты четке какты. Министрликтин басма сөз кызматы бул тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбесин, Кыргызстанда вирусту жуктурган учур катталбаганын билдирди.

28-февралда Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинен Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын бир, Орусиянын эки жараны өткөнү кабарланды. Алар тиешелүү медициналык кароодон өтүп, кандайдыр бир оорунун жана коронавирустун белгилери аныкталган эмес.

Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус же COVID-19ду жуктургандардын саны 83 миңге жетип, вирустан 2800 киши каза болду. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, вирустун очогу болгон Кытайдан кийин эле вирус эң көп катталган учур Түштүк Кореяда, Иранда жана Италияда болууда.

28-февралда Кыргызстан коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди. (BTo)

Коронавирустан коргонуу жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

XS
SM
MD
LG