Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Өмүрбекова: коронавирус чыккан өлкөлөрдөгү журтташтар менен элчиликтер байланышта (видео)


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Коронавирус чыккан өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарына элчиликтер жардам берип, маалымат алмашып жатышат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

Өмүрбекованын айтымында Кытайдагы 4600 студенттин көпчүлүгү кышкы каникулда жана андан кийин келишкен. Азыр Кытайда 200 чамалуу кыргызстандык жаран бар. Алардын айрымдары өз каалоосу менен калып, каалоочулар кайтып келип жатышат.

«Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Италияда 6000ге жакын жараныбыз бар. Иранда, Түштүк Кореяда жана Жапонияда да жарандарыбыз жүрөт. Алар менен биздин элчиликтер байланышта болуп, маалымат берип турат. Кыргызстанга келебиз дегендер болсо 14 же 28 күн карантинге алынат», -деди Өмүрбекова.

28-февралда Кыргызстан коронавирус тез жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди. Ошондой эле коронавирустун үчүнчү өлкөлөр аркылуу келүү тобокелчилигин алдын алуу максатында Кыргызстан өз жарандарынын чек аралардан ички паспорт (ID-карта) аркылуу өтүүсүнө убактылуу тыюу салды.

Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 83 миңге жетип, вирустан 2800 киши каза болду. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG