Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн республикалык штаб жарандарды коомду тынчсызданууга жана дүрбөлөңгө алып келе турган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырат.
Ошондой эле адамдарга эл көп жыйналган жерлерден оолак болууну жана өздүк гигиена эрежелерин сактоону сунуштады. Штабдын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар жок.
Штаб 28-февралда акыркы 20 күн ичинде эпидемиологиялык абал жакшы эмес, тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген бардык чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизген. Алар коронавирус жайылып жаткан Кытай, Иран, Италия, Жапония жана Түштүк Корея өлкөлөрүнө тиешелүү. Бул тизме кырдаалдын өнүгүшүнө жараша жаңыланат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус эпидемиясынын коркунуч деңгээлин «эң жогоркуга» чейин көтөрдү.
Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 83 миңге жетип, вирустан 2800дөн ашык киши каза болду. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, вирустун очогу болгон Кытайдан кийин эле вирус эң көп катталган учур Түштүк Корея, Иран жана Италия өлкөлөрү болууда. (BTo)