Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Муфтият: жума намазга келем дегендерди тыюу туура эмес


Бишкектеги мечит.
Бишкектеги мечит.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам адамдардын жума намазга келүүсүнө тыюу салуу туура эмес экенин билдирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бул күнү мечиттерге барбагыла дегенге шарият жол бербейт. Жума күн - мусулмандар күткөн күнү. Ал күнү жумага келбегиле деп эч кимге тыюу сала албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз» деп айтылат маалыматта.

Муфтият ошол эле учурда вирустун алдын алууга ислам дини каршы эмес экенин, бирок «жума намаз учурунда коронавирус жугат» деп, тыюу салуу туура эмес түшүнүк экенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус коркунучунан улам жума намазга катышкан адамдардын санын азайтууга чакырган. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев мындай кат Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына жиберилгенин айткан.

Министрлик мындан тышкары жарандарды той-мааракелерди азайтууга үндөп жатат.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу 27-февралда Иран Тегеранда жана бир катар шаарларда жума намаздарды өткөрүүгө тыюу салган. Бул мамлекетте вирустан 43 адам өлүп, аны жугузгандардын саны 593кө жетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун соңку маалыматына караганда, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус 86 миңге жакын кишиге жугуп, вирустан 3000дей адам каза болду. Коронавирус 60ка жакын өлкөдө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. Каза болгондордун көпчүлүгү кытайлар.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн республикалык штабдын 29-февралдагы маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG