Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Казакстанда митингдерде 100гө чукул адам кармалды

Нур-Султан шаары. 1-март, 2020-жыл.
Нур-Султан шаары. 1-март, 2020-жыл.

Казакстанда өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетүүсүн талап кылган жана тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин өлүмү боюнча нааразылык акцияларында ондогон адамдар кармалды.

Полиция акция өтчү Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Орол шаарларындагы борбордук аянттарды тосуп салды. Кармалгандар «Диктатурага жол жок!», «Чал кет!» деп кыйкырышып, ушундай эле чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Акцияларда жалпы-жонунан 100гө чукул адам кармалды.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда каза болуп калган. Полиция активисттин жүрөгү кармап каза болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Informburo.kz маалымат агенттигиндеги маегинде Дулат Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгонун айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG