Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Тажикстан: Шайлоо жыйынтыгы 2-мартта жарыяланат


Тажикстандагы шайлоо тилкелеринин бири. 1-март, 2020-жыл.
Тажикстандагы шайлоо тилкелеринин бири. 1-март, 2020-жыл.

1-мартта Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо өттү. Кечки саат 8де өлкө аймагындагы бардык добушканалар жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы мамлекеттик телеканал аркылуу “шайлоо ачык-айкын атмосферада өттү” деп билдирди.

Жыйынтык 2-мартта түштөн кийин жарыяланарын белгиледи.

Боршайком төрагасы шайлоо учурунда эреже бузулганы тууралуу эч бир даттануу же кайрылуу түшпөгөнүн кошумчалады. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары жана социалдык сайттардын колдонуучулары айрым тилкелерде бюллетендерди тобу менен таштоо же “үй-бүлөлүк шайлоо” деп аталган көрүнүш орун алганын видеого тартып алышкан.

БШК саат үчтө шайлоочулардын 75% добушун бергенин билдирген.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 мандат үчүн 238 талапкер ат салышты. Анын ичинен 65 талапкер партиялык тизме менен, калган 173ү бир мандаттуу округдардан катышты.

XS
SM
MD
LG