Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 86 миңден ашканын, бул илдетке чалдыккандар 63 өлкөдө катталганын 1-мартта билдирди. Кеминде 2900 адам андан каза тапкан. Анын ичинен жүздөн ашыгы башка өлкөлөрдө, калганы Кытайда көз жумган.
Ушул тапта өпкөнү сезгентүүчү бул илдет Кытайдан кийин эле Иранда, Италияда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда эң көп таралганы белгилүү болду.
Иранда коронавирустан каза тапкандар 54кө жеткени расмий кабарланууда. Бирок эксперттер бул чыныгы көрсөткүчтөн алда канча аз болушу мүмкүн экенин, бийлик чыныгы абалды жашырып жатышы ыктымал экенин белгилешүүдө.
Британияда 23 адам вирус жугузуп алганы ырасталган. Өлкө бийлиги пенсияга чыккан медиктерди кайра ишке тартышы мүмкүн экени кабарланууда.
Италия өкмөтү 1-мартта коронавируска каршы күрөшүү үчүн 3,5 млрд. долларга жакын каражат бөлөрүн маалымдады.
1-мартта Чехияга келген адамдардын арасынан үчөө коронавируска чалдыкканы билинди. Алар - эки чех, бир АКШ жараны, Италиянын үч башка аймагынан келишкен.