Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:42

Ошто, Ысык-Көлдө православ христиандар Масленицаны майрамдашты

Масленица майрамын белгилөөдөн бир көрүнүш.
Масленица майрамын белгилөөдөн бир көрүнүш.

Ош шаарындагы Архангел Михаил храмында болгон иш-чарага Жалал-Абад шаарындагы христиандардын храмынан да өкүлдөр катышты.
Масленица майрамдык программа менен коштолуп, ыр-күүлөр жаңырды. Масленица майрамынын салттуу куймагы келгендерге тартууланды.

Майрамга Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин да катышты.

Ысыккөлдүк христиандар масленица майрамын Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта уюштурушту.

Масленица майрамы кыштын акыркы күндөрүндө, христиандардын улуу орозосун утурлай өткөрүлөт. Жети жумага созулган орозо Пасха майрамы менен аяктайт.

Христиандар Кыргызстандын калкынын 18 пайызын түзөөрү айтылып келе жатат. Союз тарагандан кийин Кыргызстандагы православ христиандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине көчүп кетип, жергиликтүүлөрдүн саны азайган. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG