Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Ош ШИИБнин кызматкерлеринин иши УКМКга өткөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык прокуратурасы шаардык милициянын бир нече кызматкерине каршы кыйноого байланыштуу козголгон кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кароосуна өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы кыйноонун алдын алуу жана эскертүү максатында прокуратура органдары 155 жолу капыстан текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында кызматкерлердин кылмыш ишин ачуу аракети көзөмөлдөнүп, нөөмөт бөлүмдөрү, шаардык милиция бөлүмдөрү, тергөө кабинеттери жана убактылуу кармоочу жайлар текшерилген.

Былтыр жалпысынан шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу прокуратурага 22 кайрылуу түшкөн. Алар бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иштер андан ары кароо үчүн УКМКнын Оштогу башкармалыгына жиберилди.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго келип түшкөн арыздардын дээрлик 90% милиция кызматкерлерине байланыштуу. 2018-жылы аталган борборго 123 арыз түшсө, анын 113ү милиция кызматкерлерине байланыштуу болгон.

Ал эми Башкы прокуратура мурунку жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноо 11% азайганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG