Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Коронавирус күчөгөн аймактардан келген чет элдиктер Кыргызстанга киргизилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай чечим коронавирустун алдын алуу штабынын 29-февралдагы жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, бул чектөө учурда эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдө акыркы 20 күн аралыгында болгон бардык чет элдик жарандарга тиешелүү. Алар 1-марттан тартып Кыргызстанга ишке же туристтик максатта да кире алышпайт.

Ошондой эле 1-марттан тартып илдет жайылган өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтүүгө тыюу салынары кабарланган.

Ал эми эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар келери менен эки жумалык карантинге алынат.

Бул тизме эпидемиологиялык абалга жараша өзгөрүп турат.

Штаб жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырып, коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырган. Ошол эле учурда эл көп чогулуучу жерлерге барбай турууга жана жеке гигиенаны бекем сактоого үндөөдө.

Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб 28-февралдагы отурумунда Кытай, Иран, Түштүк Корея, Италия, Япония өлкөлөрүнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө жана кыргызстандык жарандардын чек аралардан ички паспорттор аркылуу убактылуу өтүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында жугуштуу илдет каттала элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG