Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Абактагы Садыр Жапаров тарапкерлерине кайрылды


Садыр Жапаров сот залында. 2017-жыл.
Садыр Жапаров сот залында. 2017-жыл.

Садыр Жапаров кайрылуусунда өзүнүн боштондугун талап кылып, митингге чыгуунун кажети жок экенин эскерткен. Ал 2-мартка белгиленип жаткан митингди башка нукка буруп кетүү максатында атайын алдын-ала чагымчылар даярдалганы тууралуу маалыматы бар экенин белгилеп, тарапкерлеринен митингге чыкпай эле коюуну өтүнгөн.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, кат Жапаровдун өз колу менен жазылган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны он жылга кескен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG