Бишкекте өрттөн бир аял жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя дүйшөмбүгө караган түнү болду.
Ленин районуна караштуу Лагерная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде газ баллон жарылган. Жалпысынан 40 чарчы метр ашкана бөлмөсү күйгөн.
Кырсыктын кесепетинен бир аял (үйдүн ээси) 2-3- даражадагы күйүк алып, Травматология жана ортопедия борборунун күйүк бөлүмүнө жеткирилген.
Адистер кырсыкка эмне себеп болгонун териштирип жатышат.
Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 10 өрт чыгып, аларды өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. (RK)