Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

УКМК: Кыргызстан аркылуу аткезчилик кылган молдовалык эки жаран кармалды


Тинтүү учурунда табылган акча.
Тинтүү учурунда табылган акча.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2013-жылдан бери Кыргызстан аркылуу аткезчилик менен алектенип келген молдовалык эки жаранды кармады.

Мекеменин маалыматына караганда, атайын операциянын натыйжасында колго түшүрүлгөн эки адам Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып «почта кызматын көрсөтүү» деген шылтоо менен Тажикстандан жана Казакстандан тиешелүү төлөмдөрсүз тамеки ташып келип, андан ары АКШга, Канадага жана Батыш Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп турушкан.

Ошону менен катар алар «Кыргызстандын почта оператору» деген макамды пайдаланып, башка да товарларды Кытайдан түрдүү мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү каналын ачып алышкан деп шектелүүдө.

Алардын Бишкектеги кеңсесин тинтүү учурунда акциздик маркасы жок, жалпы баасы 6 миллион сомдук тамеки, 250 миң доллар жана 620 миң сом нак акча табылды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Милдеттүү түрдө акциз салынуучу өндүрүмдү акциздик маркасыз өндүрүү» беренеси менен катталды.

Кармалган эки адам атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

2019-жылы Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу сактоо менен чыкты. Өкмөт ички дүң өнүмдүн өсүшү мерчемделгендей жыйынтык берди деп эсептейт. Бирок айрым көрсөткүчтөрдө өсүш күтүлгөндөй болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG