Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Бишкек ЖЭБи боюнча жараян шаардык сотто уланууда


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланууда. 2-мартта сот иштин материалдарын изилдөөгө өттү.

Анын алкагында судья Ирина Воронцова Бишкек ЖЭБин жаңылоого насыя алуу сүйлөшүлгөн Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңдин жолугушуусундагы сүйлөшүүсүнүн тезистерин окуду.

Мындан сырткары ЖЭБди жаңылоо долбоорун ишке ашырган кытайлык ТВЕА компаниясы жөнүндө маалыматтар окулду.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында өлкөдөгү мурдагы бир нече аткаминерге айып коюлган.

Былтыр 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

Соттолгондор мындай өкүмгө макул болбой, шаардык сотко кайрылышкан болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG