Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкөгө курамында уран жана торий бар калдыктары менен чийки заттарды ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Мекеменин маалыматына караганда, көзөмөлгө алынуучу өндүрүмдүн улуттук тизмесине өзгөртүү киргизүү каралууда.
2019-жылдын декабрь айында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. (RK)