Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Израилде соңку 12 айдын ичинде үчүнчү шайлоо өтүп жатат


Былтыр Израилде парламенттик шайлоо эки жолу өткөн.
Былтыр Израилде парламенттик шайлоо эки жолу өткөн.

2-марттагы добуш берүү азыркы шайлоодо да жеңип келип, премьер-министрлик кызматын дагы бир мөөнөткө узартууну каалап жаткан Биньямин Нетаньяхунун сотуна эки жума калган убакка туш келди. Башкы прокуратура ага «Пара алуу», «Көз боёмочулук» жана «Ишенимди кыянат пайдалануу» деген беренелер менен айып койгон. Шайлоо алдындагы сурамжылоолор мындай жагдайларга карабай Нетаньяхуну колдогондор азайбаганын көрсөткөн.

Соңку шайлоо былтыр сентябрь айында өткөн. Анда Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы 31, ал эми анын башкы саясий атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак» партиясы 33 добуш алып, дагы «ит жыгылыш» болгон. Экөө коалиция түзүү боюнча анда да орток пикир тапкан эмес. Буга байланыштуу былтыр жыл аягында парламент мөөнөтүнөн мурда тараган.

Биринчи шайлоо болсо 2019-жылы жазында өткөн жана аталган эки партия эң көп добуш алганы менен башкаруучу коалицияга бириге алган эмес. Ошондон улам парламент ыдырап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Нетаньяху «Ликудду» 2006-жылдан бери жетектеп келатат жана премьер-министр болуп 2009-жылы дайындалган. Ал өлкө тарыхында премьерлик кызматта турганда айып коюлган биринчи адам болуп калды.

XS
SM
MD
LG