Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Казакстан: каршылык акциясында кармалгандардын дээрлик баары коё берилди


Нааразылык акциялары өлкөнүн бир канча шаарында өттү.
Нааразылык акциялары өлкөнүн бир канча шаарында өттү.

Казак полициясы 1-мартта бир нече шаарда болгон нааразылык акциясында 80 киши кармалганын ырастады. Өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев кармалгандардын «дээрлик баары бошотулганын» дүйшөмбү күнү айтып, эки киши «полицияга каршылык көрсөткөн» жана бирөө «уруксатсыз митинг өткөргөн» деген айып менен камалганын белгиледи.

Жекшемби күнү Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Чымкент, Актөбө, Атырау жана Орол шаарларында өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетишин талап кылган жана активист Дулат Агадилдин тергөө абагында каза болгонун айыптаган акциялар өткөн. Анын катышуучулары «Диктатурага жол жок!», «Чал, кет!» деп кыйкырышып, ушундай эле чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Полиция акция катышуучуларын алар шаар акимчиликтеринин имараттарына, борбордук аянттарга өтүүгө аракет кылганда кармашкан. Айрым активисттер үйлөрүнөн чыгып баратканда эле полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Жекшемби күнү кечинде укук коргоочулар бери дегенде эле 144 киши кармалганын билдиришкен.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, бир күндөн кийин Нур-Султан шаарындагы тергөө абагында каза болуп калган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаганы менен активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.

XS
SM
MD
LG