Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекеттин макамы өзгөрдү


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Кең-Булуң» жана «Токмок» автожол өткөрмө бекеттеринин макамы эки тараптуудан көп тараптууга өзгөрдү.

Бул тууралуу 2-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2-марттан тартып «Кең-Булуң» (Кыргызстан) - «Аухатты» (Казакстан) жана «Токмок» (Кыргызстан) - «Сортобе» (Казакстан) өткөрүү жайлары үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрө баштады.

Эки бекет тең күнү-түнү иштеп, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүүдө.

«Токмок» бекети Токмок шаарына жакын Ю.Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында, «Кең-Булуң» Кең-Булуң айылына жакын жайгашкан.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы макулдашуусуна эки бекеттин макамын өзгөртүү тууралуу кошумча протокол 2018-жылы Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG