Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Шаардык сот Шадиевдин жакындарына катталган мүлктү камакта калтырды


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жакындарына катталган мүлктү камактан чыгаруу боюнча райондук соттун чечимдерин жокко чыгарды. Бул тууралуу маалымат аталган соттон алынды. Ага ылайык, шаардык сотто 11, 18 жана 26-февралда Шадиевдин кызы менен жубайына катталган мүлктү камактан чыгарууга каршы прокуратуранын арызы каралган. Анын жыйынтыгында саясатчынын кызы Саадат Шадиевага жана жубайы Асел Шадиевага катталган бир нече мүлктү камактан чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимдери жокко чыгарылды.

Буга чейин Башкы прокуратура Саадат Шадиеванын «Карвен – четыре сезона» ишканасынын уставдык капиталынын 33,33% үлүшүн, ал эми Асел Шадиеванын «Аква Инвест» жана «Аква Инвест Плюс» ишканасынын үлүштөрүн, Бишкектеги бир нече мүлктү камактан чыгаруу боюнча арызын райондук сот канааттандырганын жарыялаган болчу.

Бул боюнча саясатчынын жакындары комментарий бере элек.

Парламенттин мурдагы депутаты жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.

Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Шадиевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык бир канча мүлк камакка алынган. Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG