Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Болот Темировго кол салуу боюнча сот отуруму 6-мартка белгиленди


Болот Темиров.
Болот Темиров.

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу боюнча сот ишин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков карамай болду.

Темиров “Азаттык” радиосуна билдиргендей, алгачкы сот отуруму 6-мартка белгиленди.

Журналисттин укугун сотто “Адилет” укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов коргомой болуп жатат.

Темировго Бишкекте 9-январда бирөөлөр кол салып, сабап кетишкен.

Өзү бул окуяны кесиптик ишмердүүлүгү - FactCheck» порталында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндөгү иликтөө жарыяланганы менен байланыштырып келет.

Журналистти сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Аларга «Тоноо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG