Президенттик аппарат камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлерине үч күн ичинде жооп кайтарууга убада берди. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде президенттик аппараттын өкүлү менен жолугуп келген саясатчынын агасы Сабыр Жапаров билдирди. Ал акцияга келген адамдарды үч күн күтүүгө жана тарап кетүүгө чакырды.
Митингге катышкандардын айрымдары мындай сунушка макул болбой, тароодон баш тартып жатышат.
2-мартта Ала-Тоо аянтында саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп, анда саясатчыны түрмөдөн бошотууну башкы талап катары алып чыгышты.
Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышып жатканын айтышууда. Көз каранды эмес байкоочулар чогулгандар 2 миңге жакын деп болжошууда. Ички иштер министрлиги акциянын катышуучуларынын саны боюнча маалымат бере элек. (BkA)