Жапонияда саякат кемесинде коронавирус жугузуп алды деген кыргыз жаранынын анализи таза чыкты. Бул тууралуу 2-мартта кыргыз өкмөтүндө өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди.
«"Diamond Princess" кемесиндеги кыргызстандыктан экинчи жолу анализ алганда, анда коронавирус жок экени аныкталды. Мекендешибиз ооруканадан чыкты, ал азыр Токио шаарында» деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.
Кыргыз жараны оор илдетке кабылганын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын расмий маалыматына таянып, 28-февралда кабарланган.
Жыйында айтылгандай, 2-мартка карата Кыргызстанда жана кыргызстандыктар арасында коронавирус жугузгандар жок.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, азыр обсервацияда 298 киши жатат, алардын 145и кытайлыктар, баарынын анализи таза.
Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тартып убактылуу тыюу салган. «Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын баары карантинге алынды» деп билдирген өкмөт.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2900 адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты. (RK)