Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

МАК Дача СУ кырсыгы боюнча жыйынтык отчётун жарыялады


Дача СУ. 16-январь, 2017-жыл.
Дача СУ. 16-январь, 2017-жыл.

Мамлекет аралык авиациялык комитет (МАК) Дача СУ кырсыгы боюнча жыйынтык отчетун жарыялады. Анда кырсыкка экипаждын конууга көзөмөл жүргүзбөгөнү жана тиешелүү чара көрбөгөнү себеп болгону айтылат.

2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык «Боинг-747-400» жүк ташуучу учагы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Авиакырсык 39 кишинин өмүрүн алган.

МАК буга чейинки баштапкы отчётунда авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгонун билдирген. Ошону менен катар МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузуулган учурда тиешелүү чара көрүүгө чакырган.

«Гонконг-Бишкек-Стамбул» багытында баратып кулаган учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюш үчүн конууга аракеттенгени айтылган. Жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалардын табылганы көптөгөн суроолорду жараткан. Бирок «Учактагы жүктүн ээси кимдер болгон?» деген суроого ушул күнгө чейин жооп табыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG