Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Иранда коронавирустан мерт болгондор 60 кишиден ашты


Тегеран, 1-март, 2020-жыл.
Тегеран, 1-март, 2020-жыл.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги соңку бир күндүн ичинде өпкөнү сезгенткен вирустан 12 адам өлгөнүн билдирди. Ошентип бул оорудан ажал тапкандардын саны 66 кишиге жетти. Мамлекеттик телеканал 2-мартта көз жумгандардын арасында өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин кеңешчилеринин бири, 71 жаштагы Мохаммад Мирмохаммади да бар экенин кабарлады. Вирусту Иранда жалпысынан 1,5 миңдей адам жугузуп алды.

Буга чейин Ирандын Ватикандагы мурдагы элчиси Хади Хосроушахи да ушул оорудан ажал тапканы белгилүү болгон.

Вируска кабылгандардын арасында Ирандын аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар, саламаттык сактоо министринин орун басары Ираж Харирши жана төрт депутат бар экени айтылган.

Соңку маалыматтар боюнча, вирус дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө катталды, үч миңдей адам өлүп, вирус жуктургандардын саны 87 миң адамдан ашты.

XS
SM
MD
LG