Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

БШК: Тажикстанда шайлоодо бийликтеги партия жеңди


Тажикстанда парламенттик шайлоо 1-мартта өттү.
Тажикстанда парламенттик шайлоо 1-мартта өттү.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 1-марттагы парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңгенин жарыялады. Комиссиянын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода шайлоого катышкан 4 миллиондой шайлоочунун 50,4% президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясы үчүн добуш бергенин айтты. Ал шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 86% катышканын кошумчалады.

Агрардык партия 63 орундуу парламентте төрт депутаттык мандатын сактап калды. Ага шайлоочулардын 16,5% добуш берди. Ушундай эле көрсөткүчкө «Экономикалык реформалар» партиясы ээ болду. Бул шайлоодо жалгыз оппозициялык партия деп мүнөздөлгөн Социал-демократиялык партия парламентке өтпөй калды.

Тажикстандын Демократиялык партиясы жана Социалистик партия 5% көрсөткүч менен парламенттеги буга чейинки бирден мандаттарын сактап калышты.

Эл аралык байкоочулар Тажикстандагы бир да шайлоону ачык-айкын, эркин же стандарттарга ылайык деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG